«Салым Финанс» МФК ААК 15 жылдык мааракесин майрамдады - «Салым Финанс» МФК
Ноя. 11, 2022

«Салым Финанс» МФК ААК 15 жылдык мааракесин майрамдады

«Салым Финанс» МФК ААКнун 15 жылдыгына арналган корпоративдик иш-чара 2022-жылдын 5-ноябрында болуп өттү – биздин кызматкерлерибиз «Салым Финанстагы» өздөрүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүштү, компанияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыктар тапшырылды, инструменттик, улуттук жана эстрадалык музыка концерти өткөрүлдү.

“Салым Финанс” МФК ААК 15 жылдын ичинде биздин кызматкерлерибиздин, өнөктөштөрүбүздүн жана кардарларыбыздын аркасында чоӊ натыйжаларга жетишти. Бул:

•  бүткүл өлкө боюнча 32 кеӊсе;

•  230дан ашуун кызматкерлер;

•  22 000ден ашуун кардарлар;

•  5 млрд. сомдон ашуун активдер.

Биздин компаниябыздын пландарында динамикалуу өнүгүү, жарандарыбызга өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана өз финансылык абалын жакшыртууга жардамдашуу бар.

«Салым Финанс» МФК ААК – биз жашоону жакшыртууга жардам кылабыз!