Катталган облигациялардын 5-чыгарылышынын пайыздык киреше төлөмдөрү - «Салым Финанс» МФК
Фев. 9, 2021

Катталган облигациялардын 5-чыгарылышынын пайыздык киреше төлөмдөрү

“Салым Финанс” микрофинансылык ААКсы 2021-жылдын 17 февралдан тартып энчилүү пайыздык облигациялар боюнча кирешелерди төлөөнү жүргүзүп жаткандыгын маалымдайт (2019-жылдын “03” майдан Кыргыз Республикасынын облигацияларды чыгаруу тууралуу Баалуу кагаздардын мамлекеттик реестрине КР Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдө мамлекеттик кызматы тарабынан толуктоо киргизилген). Энчилүү пайыздык облигациялар боюнча кирешелерди төлөө 2021-жылдын 17 февралдан 23 февралга чейинки мезгилде ишке ашырылат.

  • Бир баалуу кагазга болгон кирешенин көлөмү – жылдык 15%;
  • Баалуу кагаздар боюнча киреше алууга укугу бар болгон баалуу кагаздардын ээлеринин тизмеги аныкталуучу күн: 2021-жылдын 14 февраль;
  • Облигациялардын номиналдык наркы – 1000 сом;
  • Пайыздарды төлөө акча каражаты менен “Салым Финанс” микрофинансылык компания ААКсысынын кеңсесинде жүргүзүлөт, дареги: Бишкек ш., Манас пр.40/Чүй пр.164;
  • Маалымат алуу үчүн байланыш телефон: 61-36-26 www.salymfinance.kg