Директорлор кеӊеши
Директорлор Кеӊешинин төрагасы – Кыдырмаев Бакытбек Ишенбекович.
Бизнесмен, «Дордой» базары аркылуу транзиттик эл аралык дүӊ сооданы баштоочулардын бири, «Дордой» базарынын кызматчыларынын кесиптик кошуун комитетинин мүчөсү. 1995-жылдан баштап азыркы мезгилге чейин «Дордой» базарында иштейт, оптиканы дүӊ соодалоо менен алектенет.
Директорлор Кеӊешинин мүчөсү – Сыдыков Айжигит Камчыбекович.
Көз карандысыз эксперт. 1995-жылдан берки микрокаржылоо секторундагы тажрыйбага ээ. «ФИНКА МКК» ЖАКнда операциялык директордун орун басары, Тажикстандагы «ФИНКА» МДУ ЖЧКнда операциялык директордун кызматын, «Биринчи микрокредиттик компания» ЖАКнда – Кыргызстандагы Ага Хандын өнүктүрүү тармагында, «ОКСУС микрокаржылык компаниясы» ЖАКнда кызматтарды ээлеп турган.
Директорлор Кеӊешинин мүчөсү – Коңушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович.
'Байтур' корпорациясынын башчысы жана негиздөөчүсү. 'Кожомкул' коомдук уюмунун президенти. Туризм жана ден-соолукту чындоо, көп батирлүү үйлөрдү куруу, курулуш материалдарын жана эмеректерди өндүрүү чөйрөсүндөгү көптөгөн долбоорлорун ишке ашырган кыргыз ишкери.
Директорлор Кеӊешинин мүчөсү– Джаманкулов Болот Сапарович.
КөзкарандысызЭксперт.Экономикалык илимдердин доктору. 1997-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин биринчи орун басары болуп иштеген.
Банк жана финансы тутумунда,анын ичинде«Росинбанк»ААК, АТФ-Банк Кыргызстан, АКБ «Кыргызстан»,Улуттук банктардын жетекчилер курамында чоң тажрыйбага ээ. 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Экономика институтунда бөлүм башчы болуп иштеп келген.
Директорлор Кеӊешинин мүчөсү - Конокбаев Самат Сурабалдыевич.
Көз карандысыз эксперт. 1998-жылдан баштап банк жана финансы тутумунда тажрыйбага ээ, анын ичинде КР Улуттук банкынын, Кумтор Голд Компанинин, ошондой эле Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилик курамында иштеген, Япониядан (Токиодон) алган өткөөл экономика адистешүүсү боюнча мамлекеттик башкаруунун магистри даражасына, Кыргыз-Орус Славян университетинин финансылык-банктык менеджмент боюнча дипломуна ээ, Кеңири кошумча билимге ээ, Уортондук бизнес мектебинин (АКШ) бизнес-талдоочу адистиги боюнча адистешүүсүн жана Женева университетинин инвестициялык менеджемент боюнча адистешүүсүн ийгиликтүү бүтүргөн.
Башкармалык

Башкармалыктын төрагасы
Кулов Мирлан Темирланович
1996-жылдан бери финансы-кредит чөйрөсүндө, 2004-жылдан бери жетекчилик кызматтарда. 2006-жылга чейин «Кыргызстан» Коммерциялык банкы» ААКсында адистен баштап, башкармылыктын мүчөсүнө чейинки кызматтарда иштеп келген. 2006-2007 жылдары «Доскредобанк» ААКсында Казына бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2007-жылы «Салым Финанс» МФКсы ААКтын негиздөө демилгесин көтөрүп жана андан ары, Башкармалыктын Төрагасы катары кызмат көрсөтүп келген.

Башкармалыктын мүчөсү –Адамдык ресуртарды башкаруу жетекчиси
Исмаилова Гульзат Сыдыковна
1999-жылдан финансы-кредит секторунда. Ар кандай кызматтарда иштеген: бухгалтер, аудитор, аймактык филиалдардын директору жана аймактык менеджер. 2017-жылы «Салым Финанс» МФК ААКда операциялык менеджер, 2018-жылдан баштап кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Башкармалыктын мүчөсү катары ал адам ресурстарын башкаруу, маркетинг жана социалдык жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин көзөмөлдөйт.

Башкармалыктын Мүчөсү – Юридикалык Бөлүмдүн Башчысы
Райымкулов Медер Анарбекович
Кесиптик юридикалык тажрыйбасы 2010-жылдан башталган. 2016-жылдан бери жетекчилик кызматтарда иштеген. 2019-жылдан бери «Салым Финанс» МФК ААКда Юридикалык бөлүмүнүн башчысы.

Башкармалыктын мүчөсү – Казыналык башкармалыгынын жетекчиси
Кудайбердиева Салтанат Кудайбердиевна
2009-жылдан бери финансы-кредит секторунда. 2009-2010-жылдары «АзияУниверсалБанк» ААКда иштеген. 2010-жылдан бери «Салым Финанс» МФК ААКда. 2015-жылдан бери жетекчилик кызматтарда. Учурда «Салым Финанс» МФК ААКнын Казыналык башкармалыгынын начальниги кызматын ээлейт.