Сунушталган продуктулар

Онлайн эсептегиле

Маалыматтар жеткиликтүү эмес

Салым Финанс тиркемеси

Биздин тиркемеде сиз бардык банктык продуктуларды табасыз

Салым Финанс тиркемеси

Валюта курстары

Курс актуалдуу 05:43 27.07.2026
ВалютаСатып алууСатуу
USDUSD87.487.8
RUBRUB11.11
KZTKZT0.160.195
EUREUR99.1100.1
Валюта конвертери
Менде бар
Алам
100.00
«Салым Финанс» МФКсы Компаниянын кардарлары үчүн жекече курстарды аныктоо укугун өзүнө калтырат. *АКШ долларын сатып алуу үчүн накталай чектөөлөр колдонулат.

Биз картада

Карта жүктөлүүдө...
2026-07-28
7-чы эмиссия боюнча пайыздарды төлөө жөнүндө кулактандыруу (10-мезгил)
ААК Микрофинансылык компания «Салым Финанс» 2026-жылдын 07-августан 13-августка чейин жетинчи чыгарылыштагы номиналдык пайыздык облигациялар боюнча онунчу пайыздык мезгил үчүн кирешелерди төлөй турганын билдирет. Мамлекеттик каттоо № KG 0207213016 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 2024-жылдын 26-январы.  Облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жөнүндө маалымат: •    Баалуу кагаз боюнча кирешенин суммасы жылына - 18,5% түзөт; •    Баалу кагаздар боюнча киреше алууга укугу бар баалуу кагаздардын ээлеринин тизмеси аныкталган күн - 2026 жылдын 03 август айы; •    Облигациянын номиналдык баасы - 1000 сом; •    Төлөө формасы – накталай акча; •    Пайыздарды төлөө облигация ээсинин банктык эсебине анын берген арызы боюнча которуу жолу менен же Бишкек ш., Манас пр., 40/ Чүй 164 дареги боюнча ААК «Салым Финанс» микрофинансылык компаниясынын кеңсесинен накталай алуу аркылуу жүргүзүлөт; •    Маалыматтар боюнча телефон: 0 550 78-10-13, 0 312 61-39-32, www.salymfinance.kg 
2026-06-16
«Салым Финанс» МФК ААКнын акциялары боюнча 2025-жыл үчүн дивиденддерди төлөө жөнүндө баяндама
1 Дивиденддерди төлөө мөөнөтү 2025 жыл 2 Дивиденддерди алууга укуктуу акционерлердин саны 3 – юридикалык жактар 92 – жеке адамдар 3 Чегерилген дивиденддердин жалпы суммасы 86 032 379,82 сом 4 Дивиденддерди алган акционерлердин саны 3 – юридикалык жактар 92 – жеке адамдар 5 Төлөнгөн дивиденддердин жалпы суммасы 86 032 379,82 сом 6 Дивиденддер төлөнбөгөн акционерлердин саны 0  7 Төлөнбөгөн дивиденддердин жалпы суммасы 0 сом 8 Дивиденддери төлөнбөгөн баалуу кагаздардын саны 0 нуска  
2026-06-02
«Кара-Балта» өкүлчүлүгү Кара-Балта шаары,Кожомбердиев көчөсү, 120-үй, 25-батир дарегиндеги жаңы кеңсеге көчтү.
«Кара-Балта» өкүлчүлүгү Кара-Балта шаары,Кожомбердиев көчөсү, 120-үй, 25-батир дарегиндеги жаңы кеңсеге көчтү. Өкүлчүлүктөн сиз төмөнкү кызматтар боюнча кеңеш ала аласыз:  - депозиттер; - кредиттер; - Банк кепилдиктери. ⠀ Телефон номуру: +996 555 78 15 11 Иштөө убактысы: 8:30-16:30 Ишемби: дем алыш күн  Жекшемби: дем алыш күн
2026-05-26
Көңүл буруңуз: Алдамчылыктын жаңы схемасы! Өзүңүздү жана жакындарыңызды кантип коргоо керек?
Урматтуу кардарлар! Алдамчылар улуу муундагы адамдарды жана пенсионерлерди бутага алган психологиялык басым көрсөтүүнүн кооптуу схемасын колдоно башташты. Сураныч, сак болуңуз. Ата-энеңиз, чоң ата-чоң энелериңиз жана таята-таенелериңиз менен сүйлөшүп, аларга бул эрежелерди түшүндүрүңүз. Сиздердин кабардар болушуңуздар — алдамчылардын тузагынан коргонуунун башкы жолу. Схема кандай иштейт: «Бийлик өкүлдөрүнүн» чалуусу: Алдамчылар уюлдук телефонго чалып, өздөрүн Улуттук банктын же укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырышат. Алар орой жана агрессивдүү түрдө «акчаңыз уурдалганы жатат» деп коркутуп, бул тууралуу туугандарына айтууга катуу тыюу салышат. Накталай акчаны алуу: Дүрбөлөңгө түшкөн жаран өзүнүн каржы мекемесине барып, депозиттериндеги бардык акчасын накталай түрдө чыгарып алат. Муну менен ал шектүү операцияны бөгөттөө мүмкүнчүлүгүнөн компанияны ажыратып, көзөмөл чынжырчасын үзөт. Которууларды бөлүп-бөлүп жөнөтүү: Кылмышкерлер жабырлануучуну башка мекемеге барууга мажбурлап, накталай акчаны бир транзакцияда 95 000 сомго чейинки бөлүктөр менен бирөөнүн капчыктарына же карталарына которттурушат (бул коопсуздук мониторингинин чыпкаларын айланып өтүү үчүн жасалат). Коопсуздуктун үч негизги эрежеси: Каржы уюмунун жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери эч качан акчаны накталай алууну же аларды «коопсуз эсептерге» которууну талап кылбайт. Эгерде сизден тез арада аткарууну жана купуялуулукту (жакындарыңызга айтпоону) талап кылышса — бул 100% алдамчылар. Телефонду дароо өчүрүңүз. ⚠️ Сак болуңуз: Шектүү шилтемелерди байкасаңыз же шектүү чалуулар болсо, картаңыздын маалыматтарын киргизбеңиз, эч кандай маалымат бербеңиз жана мүмкүн болушунча тезирээк биздин Байланыш борборубузга кайрылыңыз. Байланыш борбору: 0 (555) 781 556 0 (700) 781 556 0 (777) 781 556