Акциялар (IPO)
МФК "Салым Финанс" ААКму – бул баалуу кагаздар рыногунда жигердүү иш алып барган, жайгаштырылган облигациялар жана акциялар боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткарууну, динамикалуу өнүгүүсүн жана ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын көрсөткөн микрофинансылык уюм. МФК «Салым Финанс» ААКму артыкчылыктуу акцияларынын экинчи чыгарылышын ийгиликтүү аяктады.
Артыкчылыктуу акциялардын ээлери-акционерлер коомдун пайдасынын өлчөмүнө карабастан жылдык белгиленген дивиденддердин өлчөмүн алуу укугунда көрсөтүлгөн артыкчылыкка ээ, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушунда башкаруу маселелери боюнча добуш берүү укугунда чектөөлөр бар.
Активдер — 6,5 млрд. сом;
Насыя алуучулар, аманатчылар жана облигационерлер – 25 000ден ашык;
Кыргызстандын бардык аймагындагы кеңселер – 34 кеңсе;
Кызматкерлердин саны–272 кызматкер.
2020 – жылдын сентябрында маанилүү окуя болду - Кыргызстанда биринчи жолу артыкчылыктуу акцияларды чыгаруу жана ачык жайгаштыруу ишке ашырылды. Эмитент биздин компания болду. 50 млн. сомго артыкчылыктуу акцияларды жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча - жаңы акционерлердин саны 47ди түздү, алардын ичинен 2 юридикалык жак.
МФК "Салым Финанс" ААКсынын иши жана артыкчылыктуу акциялардын II чыгарылышын сатып алуу маселелери боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
+996 312 614 589; +996 700 610 025; +996 559 610 025 (WhatsApp)