Каракол шаарындагы окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция
2026-11-02

Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө күнүнө арналган кампаниянын алкагында «Салым Финанс» командасы Каракол шаарындагы Ж. Каниметов атындагы №11 жалпы билим берүү мектебинде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө окуучулар кыялды финансылык максатка айландыруу, топтолуучу акчанын көлөмүн туура эсептөө жана акчаны сактоонун ылайыктуу жолун тандоо боюнча маалымат алышты.
Мындай жолугушуулар окуучуларга жаш кезинен тартып финансылык сабаттуулуктун негиздерин өздөштүрүүгө, акчага жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана туура максат коюп, үзгүлтүксүз акча топтоо аркылуу кыялдарына жетүүгө жардам берет!