Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган каржы жарманкеси

2026-10-27

31-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнү! Быйылкы ураан — «Кыялдар мүмкүнчүлүккө айланганда!» 💫 Бул күнгө карата 30-октябрда саат 14:00дөн 17:00гө чейин Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы уюштурган каржы жарманкеси өтөт. Сиздерди төмөнкүлөр күтөт: - Интерактивдүү оюндар; - Белектер жана байгелер; - Чыгымдарды пландоо, каражат топтоо жана насыя алууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу боюнча пайдалуу кеңештер. «Салым Финанс» командасы да жарманкеге катышат — келип, биз менен таанышып, оюндарга катышып, акчаңызды туура башкаруу тууралуу көбүрөөк билип кетиңиз! 🙌🏻 📍 Каракол шаары, Ысык-Көл мамлекеттик университети, 1-кабат, фойе   📅 30-октябрь   🕑 14:00–17:00   💸 Кирүү акысыз Сиздерди күтөбүз! 😊