МФК «Салым Финанс» ААК катталган привилегиялуу акцияларды (IPO) II ирет ачык сунуштоону демилгелейт

2023-08-01

Мамлекеттик каттоо номери: KG 0302213010 Акциялардын саны: 75 000 нуска Бир привилегиялуу акцияны жайгаштыруунун баасы Директорлор кеӊеши тарабынан аныкталат, бирок 1000 сом номиналдуу наркынан төмөн болбойт Бир привилегиялуу акциянын дивидендинин өлчөмү – жылына 190 сом Дивиденддин өлчөмүн аныктоо: аныкталган кирешелүүлүк ар жыл сайын, бирок чыгарылыш башталгандан 3 жылдан мурда эмес карала жана аныктала алат    Акцияларды жайгаштыруу башталган күн: 2023-жылдын 10-августу   Ачык сунуштоонун шарттары жана эмиссиянын проспекти менен таанышууга, ошондой эле акцияларды сатып алууга чыгарылыштын андеррайтери – “СЕНТИ” ФК ЖЧК (КР Өкмөтүнө караштуу ФБЖКМКнын №172, 173 лицензиялары) аркылуу Бишкек ш., Чүй пр., 219, 9-кабат дареги боюнча болот.   Телефондору: 0 559 61-00-25, 0 700 61-00-25, 0 312 61-00-25 Кыйла кенен маалымат төмөнкү шилтемени басып биле аласыз https://salymfinance.kg/kg/shares/   Катталган привилегиялуу акциялар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (Бишкек ш., Чүй пр., 114) тарабынан катталган жана 28.07.2023-жылдагы Кыргыз Республикасынын Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген.