«Салым Финанс» МФК ААК облигациялардын алтынчы чыгарылышын төлөп кутулат

2023-12-18

Урматтуу кардарлар, Энчилүү пайыздык облигациялардын эмиссиясы проспектине ылайык төлөп кутулуу күнү келгенине байланыштуу, облигациялардын алтынчы чыгарылышын төлөп кутулуу башталганы жөнүндө билдиребиз: •    Баалуу кагаздардын түрү – энчилүү пайыздык облигациялар; •    Чыгаруу формасы – документациясыз, эсептердеги жазуулар түрүндө; •    Чыгарылыштын мамлекеттик каттоо номери – KG 0206213017; •    Бир облигацияны жайгаштыруунун баасы – 1 000 (бир миӊ) сом; •    Чыгарылган облигациялардын саны – 97 798 (токсон жети миӊ жети жүз токсон сегиз) даана; •    Облигацияларды айлантуу мезгили – 23.12.2020-жылдан баштап 23.12.2023-жылга чейин; •    Облигацияларды төлөп кутулуу мезгили – 23.12.2023-жылдан баштап 29.12.2023-жылга чейин; •    Облигацияларды төлөп кутулуу формасы – акча каражаттары; •    Бир баалуу кагазды төлөп кутулуу баасы – облигациянын номиналдуу наркы – 1 000 (бир миӊ) сом; •    Пайыздарын төлөө “Салым Финанс” Микрофинансылык компаниясы ААКнун кеӊсесинде акча каражаттары менен жүзөгө ашырылат, дареги: Бишкек ш., Манас пр., 40/ Чүй пр., 164;