Облигациялардын 7-эмиссиясы боюнча 11-пайыздык мезгил үчүн пайыздарды төлөө жөнүндө кулактандыруу
2026-10-27
ААК Микрофинансылык компания «Салым Финанс» 2026-жылдын 07-ноябрынан 13-ноябрга чейин жетинчи чыгарылыштагы номиналдык пайыздык облигациялар боюнча он биринчи пайыздык мезгил үчүн кирешелерди төлөй турганын билдирет. Мамлекеттик каттоо № KG 0207213016 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 2024-жылдын 26-январы.
Облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жөнүндө маалымат:
• Баалуу кагаз боюнча кирешенин суммасы жылына - 18,5% түзөт;
• Баалу кагаздар боюнча киреше алууга укугу бар баалуу кагаздардын ээлеринин тизмеси аныкталган күн - 2026 жылдын 03 ноябрь айы;
• Облигациянын номиналдык баасы - 1000 сом;
• Төлөө формасы – накталай акча;
• Пайыздарды төлөө облигация ээсинин банктык эсебине анын берген арызы боюнча которуу жолу менен же Бишкек ш., Манас пр., 40/ Чүй 164 дареги боюнча ААК «Салым Финанс» микрофинансылык компаниясынын кеңсесинен накталай алуу аркылуу жүргүзүлөт;
• Маалыматтар боюнча телефон: 0 550 78-10-13, 0 312 61-39-32, www.salymfinance.kg
Башкармалыктын төрагасы Кулов М. Т.