“Салым Финанс” Бишкек финансы-экономикалык колледжинин студенттери арасында квиз өткөрдү.

2023-10-31

“Салым Финанс” Бишкек финансы-экономикалык колледжинин студенттери арасында квиз өткөрдү.    1 жана 2-курстун студенттери команда менен иштешип, биздин компаниянын кызматкерлери тарабынан сунушталган финансылык көйгөйлөрдү чечип, жаңы билимге ээ болушту.    Квиз Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналды.    “Салым Финанс” мындай иш-чараларды жыл сайын өткөрүп турат. Биздин компания жаштар арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатууга умтулат.