Жетинчи чыгарылыштагы номиналдык пайыздык облигациялар боюнча биринчи пайыздык киреше төлөмдөрү

2024-04-23

Микрофинансылык компания «Салым Финанс» ААКсы 2024-жылдын 7-майынан 13-майына чейин жетинчи чыгарылыштагы номиналдык пайыздык облигациялар боюнча биринчи пайыздык мезгил үчүн кирешелерди төлөй турганын билдирет. Мамлекеттик каттоо № KG 0207213016 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 2024-жылдын 26-январы.  Облигациялар боюнча кирешелерди төлөө жөнүндө маалымат: •    Баалуу кагаз боюнча кирешенин суммасы жылына 18,5% түзөт; •    Облигациянын номиналдык баасы 1000 сом; •    Төлөө формасы – накталай акча; •    Пайыздарды төлөө облигация ээсинин банктык эсебине анын берген арызы боюнча которуу жолу менен же Бишкек ш., Манас пр., 40/ Чүй 164 дареги боюнча «Салым Финанс» микрофинансылык компаниясы ААКтын кеңсесинен накталай алуу аркылуу жүргүзүлөт. 164; •    Маалыматтар боюнча телефон: 0 550 78-10-13, 0 312 61-39-32, www.salymfinance.kg