КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЖЕКЕ АДАМДАРДЫН ЖАНА ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕРДИН БАНКТАРДАГЫ ДЕПОЗИТТЕРИН МАМЛЕКЕТ КАНТИП КОРГОЙТ? - «Салым Финанс» МФК
Дек. 27, 2024

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЖЕКЕ АДАМДАРДЫН ЖАНА ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕРДИН БАНКТАРДАГЫ ДЕПОЗИТТЕРИН МАМЛЕКЕТ КАНТИП КОРГОЙТ?

Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 95 өлкөсүндө депозиттерди коргоо системасы бар. Австралия менен Жаңы Зеландияны кошпогондо, дээрлик бардык өнүккөн өлкөлөрдө ушундай система иштейт. Ал эми банктарда жайгаштырылган мамлекеттик каражаттардын корголушун камсыз кылуучу системаны куруу процесси уланууда.

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары -Агенттик) 2008-жылы мамлекет тарабынан  көз карандысыз коммерциялык эмес уюм катары түзүлгөн. Агенттик Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо кызматын аткарат жанан анын негизги милдеттеринин бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсация төлөп берүү боюнча Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоонун натыйжалуу системасын камсыз кылуу болуп саналат.

Учурда Агенттик калктын депозиттерди коргоо системасы жөнүндө түшүнүгүн аныктоо үчүн өзүнүн социалдык изилдөөсүн жүргүзүп жатат.

Анкета бир нече жөнөкөй блоктордон турат жана аны толтуруу 5 мүнөткө жакын убакытты талап кылат. Катышуучулардын жеке маалыматтары үчүнчү жактарга берилбейт.


Сурамжылоо аяктагандан кийин инвестициялоо, аманат жана финансылык сабаттуулук боюнча пайдалуу материалдар, ошондой эле Агенттиктин башка белектери сиздин электрондук почтаңызга жөнөтүлөт.


Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер аркылуу кайрылсаңыздар болот:

Байланыш телефон:  +996 312 456 456
Электрондук дарек: deposit@deposit.kg.
Расмий сайт: www.deposit.kg