Облигациялар - «Салым Финанс» МФК

Жогору кирешелүү облигацияларды чыгаруу

«Салым Финанс» Микрофинансылык компаниясы ААК (мындан ары – «Салым Финанс» МФК ААК) катталган пайыздык облигациялардын алтынчы чыгарылышын ийгиликтүү жайгаштырды, юридикалык жана физикалык жактар инвесторлор болуп калышты. «Салым Финанстын» облигациялары — ишеничтүү жана туруктуу компаниянын квартал сайын кошумча жогору киреше алып келүүчү баалуу кагаздары.

Чыгарылыштын негизги параметрлери

Облигациялардын түрү Энчилүү, бекитилген пайызы менен документсиз
Чыгарылыштын көлөмү 100 000 000 сом
Облигациялардын саны 100 000 нуска
Номиналдык наркы 1000 сом
Кирешелүүлүгү Жылдык 15.5%
Пайыздык кирешени төлөө 3 айда бир
Жүгүртүүнүн мөөнөтү 3 жыл
Чыгарылыштын андеррайтери «Сенти» финансылык компаниясы ЖЧКсы
Облигациялар деген эмне?
Облигациялар – бул карыздык баалуу кагаздар. Облигацияларды сатып алып, сиз өз акчаӊызды аларды чыгарган компанияга белгилүү бир мөөнөткө (3 жылга) жана белгилүү бир пайыз астында (жылдык 15,5%) бересиз. Үч жылдан кийин, сиз салган сумма толук төлөнүп берилет (кайтарылат). Пайыздары ар бир үч айда төлөнөт.
«Салым Финанстын» облигациялары боюнча пайыздарды төлөө кандайча
Процентный доход по облигациям будет выплачиваться каждые три месяца (ежеквартально) в головном офисе ОАО МФК «Салым Финанс», либо перечислением на расчетный счет инвестора в банке.
Облигацияларды кантип сатып алуу керек?
Облигацияларды сатып алуу үчүн сиз паспортуӊузду алып «Сенти» Финансалык компаниясынын кеӊсесине келүүӊүз, облигацияларды сатып алуу келишимине кол коюуӊуз жана сиз инвестициялоону каалаган сумманы төгүүӊүз зарыл. Сиздин облигацияларыӊыз сактала турган бет эсебин ачуу да зарыл. Эки күн ичинде фондулук биржада келишим катталат да, сиз облигациялардын толук укуктуу ээси болуп каласыз.
Салынган акчаларды мөөнөтүнөн мурда кайтарып алуу мүмкүнбү?
Каалашса облигациялардын кармоочулары өздөрүнүн салынган акчаларын мөөнөтүнөн мурда кайтарып алышат: • облигацияларды экинчи базарда сатыкка коюп; • «Сенти» Каржылык компаниясы ЖЧКна облигацияларды жайгаштыруу башталган күндөн 12 ай өтүшү менен салынган каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып алуу үчүн кайрылып.
Облигацияларга байланыштуу суроолор менен “Сенти” ФКсына төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыз болот: Бишкек ш., Чуй пр., 219; 9 этаж; тел.: 61-45-89; 61-46-47;(0559)61-00-25

Жаңылыктар

Март 13, 2023

Катталган облигациялардын 6-чыгарылышынын пайыздык киреше төлөмдөрү

Дек. 6, 2022

Катталган облигациялардын 6-чыгарылышынын пайыздык киреше төлөмдөрү

Сен. 12, 2022

Катталган облигациялардын 6-чыгарылышынын пайыздык киреше төлөмдөрү

Май 16, 2022

Облигациялардын бешинчи чыгарылышын төлөп берүү башталышы