Артыкчылыктуу акциялар деген эмне?
Акция – анын кармоочусуна (акционерге) кирешенин бир бөлүгүн дивиденддер түрүндө алууга, иштерди башкарууга катышууга жана жоюу учурунда мүлктүн бир бөлүгүнө укук берүүчү баалуу кагаз. Артыкчылыктуу акциялар – ар жыл сайын дивиденддердин белгиленген өлчөмүн алууга, жана жоюу учурунда мүлктүн бир бөлүгүнө укук беришет – алардын артыкчылыгы мына ушунда турат. Ушул акциялар боюнча коомду башкарууда чектөөлөр бар болот – мисалга алсак, башкаруу органдарын шайлай жана бюджетти аныктай алышпайт.
Бир артыкчылыктуу акция канча турат?
Бир артыкчылыктуу акциянын номиналдык баасы 1000 сомду түзөт
Бир артыкчылыктуу акцияга дивиденддин өлчөмү канчаны түзөт?
Бир артыкчылыктуу акциянын дивидендинин өлчөмү жылына 160 сомду же жылдык 16%ды түзөт.
Артыкчылыктуу акцияларды сатып алуу үчүн эмне кылуу керек?
«СЕНТИ» компаниясынын Чүй пр. 219, 9-кабат дарегинде жайгашкан кеӊсесине паспорту менен келүү керек. Телефон номерлери +996 (312) 61 45 89; +996 (700) 61 00 25; +996 (559) 61 00 25.
IPO деген эмне?
Бул акцияларды жалпы элдик сунуштоо демилгеси, б.а. компаниянын акциялары бардык кызыкдар тараптарга сатып алууга сунушталат.
«Салым Финанс» эмне болгон компания?
Бул микрофинансылык компания – кредиттөөнүн жана депозиттерди тартуунун үстүнөн иштейт: - 15 жылдан бери иштейт; - 5,5 миллиард сом активдери бар өлкөдөгү ири микрофинансылык уюмдардын бири – 23 000ден ашуун кардарларды тейлейт; - өлкө боюнча 32 филиалы жана штатта 230дан ашуун кызматчысы бар; - эл аралык фонддор менен кызматташат, эл аралык финансылык рейтингге ээ.
«Салым Финанстын» акцияларына салынган каражаттарды кайтарып берүүнүн кепилдиктери кандай?
Компаниялардын акцияларына, анын ичинде «Салым Финанстын» акцияларына каражаттарды салганда – сатып алуучу компаниянын таржымалы жана коомдук бедели, ошондой эле каржылык абалы жөнүндө маалыматка таянуусу керек. Өз акцияларынын өтүмдүүлүгүн колдоо үчүн «Салым Финанс» бардык жайгаштырылган акциялардын 10%ына чейинкисин (30 миллион сомго чейин) сатып алууну пландаштырат, б.а. бул акциялардын ээлерине салынган каражаттарды ыкчам кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга жол ачат (зарылдыгы болгондо). Мыйзам боюнча акцияларга салынган каражаттарды кайтарып алуу маселелери уюмдарды жоюуда аныкталган – артыкчылыктуу акциялардын ээлеринде жөнөкөй акциялардын ээлерине караганда мүлктү алууга кезектин артыкчылыктуу укугу бар.
«Салым Финанс» МФК ААКнун түзүлүү таржымалын, финансалык отчеттуулугун кайдан көрүүгө болот?
Компаниянын түзүлүү таржымалы, финансалык отчеттуулугу менен Компаниянын www.salymfinance.kg сайтынан, ошондой эле андеррайтердин www.senti.kg сайтынан таанышууга болот.
Дивиденддер боюнча төлөөлөр качан болот?
Артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөөлөр ар жыл сайын, финасалык жыл бүткөндөн кийин Акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөн соӊ жүргүзүлөт.
Мен өз дивиденддеримди кайдан ала алам?
Артыкчылыктуу акциялар боюнча дивиденддерди төлөө «Салым Финанс» МФК ААКнун Манас пр. 40 (Чүй пр. менен кесилишет) дарегиндеги кеӊсесинде жүзөгө ашырылат, же акциялардын ээсинин эсебине которулушу мүмкүн.
Эгерде мен артыкчылыктуу акцияларды жайгаштыруу мезгилинн аягында сатып алсам, анда дивиденддер кандай эсептелет?
Биринчи дивиденддик мезгилдин мөөнөтү кыскарак экендигине карабай, сиз дивиденддерди толук көлөмдө бир акция үчүн 160 сом өлчөмүндө аласыз.
Артыкчылыктуу акцияларды кандай түрдө чыгарышат?
Артыкчылыктуу акциялар документсиз формада, эсептердеги жазуулар түрүндө чыгарылышат.
Бир артыкчылыктуу акциянын наркы канча турат?
Бир артыкчылыктуу акциянын ликвидациялык наркы 1000 сомду түзөт.