«Салым Финанс» Микрофинансылык компаниясы ачык акционердик коому (мындан ары Компания) – жеткиликтүү кредиттер жана мөөнөттүү депозиттерди тартууну жүзөгө ашыруучу, баалуу кагаздар рыногунда иштөөчү жана эл аралык финансалык институттар менен кызматташуучу финансалык уюм. Компания Кыргызстандын жигердүү өнүгүп жаткан микрофинансалык уюмдарынын катарына кирет да, финансалык көрсөткүчтөрүнүн ар жыл сайынкы туруктуу өсүүсүн көрсөтөт.
Негизги өнүгүү этаптары:
- Уюштурулушу жана түзүлүүсү: 2007-жылдын 5-ноябрында «Кредит тутумдары» МКК ЖЧК аталышы астында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын №006 лицензиясы 2007-жылдын 8-ноябрында алынган
- Аталышын өзгөртүү: 2011-жылдын 4-январында «Салым Финанс» МКК ЖЧК деп;
- Өзгөртүп түзүү: 2012-жылдын 28-сентябрында уставдык капиталы 100 000 000 (жүз миллион) сом болгон «Салым Финанс» Микрофинансылык компаниясы Ачык акционердик коомуна;
- 2014-жылдын 24-сентябрындагы чет элдик валютада банктык операцияларды жүргүзүү укугуна №006/1 лицензияга ылайык кредиттөөгө жана чет элдик валютадагы операцияларга укук алуу ;
- 2019-жылдын 28-майындагы чектөөлөрдү алууга жана лицензияны жаӊыртууга байланыштуу мөөнөттүү депозиттерди тартууга укук алуу.
«Салым Финанс» МФК ААК Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча кредиттерди активдүү берүүчү, ошондой эле социалдык-багытталган кызматка ээ болгон жана жоопкерчиликтүү финансалоо жана кардарлардын укуктарын коргоо саясатын жүргүзгөн финансалык уюм катары турумду ээлейт.
Кыргыз Республикасынын Микрофинансылык уюмдарынын ассоциациясынын маалыматтары боюнча кредит портфелинин чоӊдугу боюнча «Салым Финанс» МФК ААК жергиликтүү капиталы бар эӊ ири микрофинансылык уюм болуп саналат.
«Салым Финанс» МФК ААКнун айыл жергесинде дагы, шаарларда дагы кредиттерди берүүсү аны микрофинансалоонун кардарлары менен дагы, банк секторунун кардарлары менен дагы иштөөчү универсалдуу финансылык уюм катары көрсөтөт.
Компания кредиттерди жана депозиттерди тартуу чөйрөсүндөгү ишмердүүлук менен гана чектелбестен, баалуу кагаздардын фондулук рыногунда дагы активдүү иштейт. «Салым Финанс» МФК корпорациялык облигациялардын бир нече чыгарылыштарын жайгаштырып, мурда өзүн ийгиликтүү эмитент катары көрсөтүп, Кыргызстанда биринчи болуп IPOну – компаниянын акцияларын фондулук биржада коомдук жайгаштырууну жүзөгө ашырды.
Директорлор кеӊеши
Директорлор Кеӊешинин төрагасы – Кыдырмаев Бакытбек Ишенбекович.
Бизнесмен, «Дордой» базары аркылуу транзиттик эл аралык дүӊ сооданы баштоочулардын бири, «Дордой» базарынын кызматчыларынын кесиптик кошуун комитетинин мүчөсү. 1995-жылдан баштап азыркы мезгилге чейин «Дордой» базарында иштейт, оптиканы дүӊ соодалоо менен алектенет.
Директорлор Кеӊешинин мүчөсү – Сыдыков Айжигит Камчыбекович.
Көз карандысыз эксперт. 1995-жылдан берки микрокаржылоо секторундагы тажрыйбага ээ. «ФИНКА МКК» ЖАКнда операциялык директордун орун басары, Тажикстандагы «ФИНКА» МДУ ЖЧКнда операциялык директордун кызматын, «Биринчи микрокредиттик компания» ЖАКнда – Кыргызстандагы Ага Хандын өнүктүрүү тармагында, «ОКСУС микрокаржылык компаниясы» ЖАКнда кызматтарды ээлеп турган.
Директорлор Кеӊешинин мүчөсү – Коңушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович.
'Байтур' корпорациясынын башчысы жана негиздөөчүсү. 'Кожомкул' коомдук уюмунун президенти. Туризм жана ден-соолукту чындоо, көпбатирлүү үйлөрдү куруу, курулуш материалдарын жана эмеректерди өндүрүү чөйрөсүндөгү көптөгөн долбоорлорун ишке ашырган кыргыз ишкери.
Директорлор Кеӊешинин мүчөсү – Джаманкулов Болот Сапарович.
Көзкарандысыз Эксперт. Экономикалык илимдердин доктору. 1997-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин биринчи орун басары болуп иштеген.
Банк жана финансы тутумунда, анын ичинде «Росинбанк» ААК, АТФ-Банк Кыргызстан, АКБ «Кыргызстан», Улуттук банктардын жетекчилер курамында чоң тажрыйбага ээ. 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Экономика институтунда бөлүм башчы болуп иштеп келген.
Директорлор Кеӊешинин мүчөсү - Конокбаев Самат Сурабалдыевич.
1998-жылдан баштап банк жана финансы тутумунда тажрыйбага ээ, анын ичинде КР Улуттук банкынын, Кумтор Голд Компанинин, ошондой эле Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилик курамында иштеген, Япониядан (Токиодон) алган өткөөл экономика адистешүүсү боюнча мамлекеттик башкаруунун магистри даражасына, Кыргыз-Орус Славян университетинин финансылык-банктык менеджмент боюнча дипломуна ээ, Кеңири кошумча билимге ээ, Уортондук бизнес мектебинин (АКШ) бизнес-талдоочу адистиги боюнча адистешүүсүн жана Женева университетинин инвестициялык менеджемент боюнча адистешүүсүн ийгиликтүү бүтүргөн.
Башкармалык





Ребрендинг
Түзүлгөн учурда Компания «Кредит тутумдары» аталышына ээ болгон, 2011-жылдын мартынан тартып Компания өзүнүн аталышын «Салым Финанс» деп өзгөрткөн, «салым» сөзү жакшы ишке салымды туюнтат. Компаниянын өз ресурстарын коомдун жыргалчылыгына салууга умтулуусун билдирген улуттук символ берилген.