Акча которуу - «Салым Финанс» МФК

Акча которуулар

Кулактандыруу!

   Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана накталай АКШ долларынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары агылып чыгышынын терс таасирин минималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) 2022-жылдын 18-апрелинде Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы №30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы акча которуу системалары боюнча акча которуулардын эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилген.

   Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну алуучуга берүү жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сомдун улуттук валютасында гана болушу мүмкүн.

   Көбүрөөк маалыматты төмөнкү шилтемеден тапса болот: https://www.nbkr.kg/newsout.jsp?&item=31&lang=RUS&material=107942

ДҮЙНӨНҮН КААЛАГАН ЧЕКИТИНЕ АКЧА КОТОРУУЛАР!

Ылдам жана коопсуз!

Эл аралык акча которуулар – бул акча каражаттарын эсеп ачпастан жөнөтүүнүн жана алуунун ылдам жана коопсуз ыгы.

Валютасы: USD, EUR, RUB, KZT.
Өлкөлөрү: алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр.
Тарифтери: 0,95%дан баштап жана андан жогору которуунун суммасынан көз каранды болот.
Которуунун ылдамдыгы – жөнөткөндөн бир секунддан кийин алууга болот
Дарексиздик – которууну тариздөөдө которуу жөнөтүлүүчү өлкөнү жана шаарды гана көрсөтүү зарыл
SMS-билдирүү которуунун макамы жөнүндө
 

Акча которууларын жөнөтүү жана алуу пункттары:

  • Бишкек ш., Операциялык башкармалык, Манас пр. 40, иштөө графиги: саат 09:00дөн 17:00гө чейин
  • Бишкек ш., №1 Бишкек Филиалы, Жаш гвардия б-ры 41, иштөө графиги: саат 09:00дөн 17:00гө чейин
  • Бишкек ш., "Бишкек-ЮГ" филиалы, Ахунбаев көч. 109, иштөө графиги: саат 09:00дөн 17:00гө чейин
  • Бишкек ш., "Бишкек-ВОСТОК" филиалы, Чуй пр. 26/7 апрель көч., иштөө графиги: саат 09:00дөн 17:00гө чейин

Золотая Корона

"Золотая Корона" акча которуулары – бул акча каражаттарын эсеп ачпастан жөнөтүүнүн жана алуунун ылдам жана коопсуз ыгы. Россия, КМШ жана алыскы чет өлкөлөр боюнча көз ирмемде которуулар жасоо мүмкүн.
Тарифтери: которуунун суммасынан 0,95 %ы
Золотая Корона кепилдейт:

  • которуунун ылдамдыгын – аны жөнөткөндөн бир секунддан кийин алууга болот;
  • дарексиздик – которууну тариздөөдө которуу жөнөтүлүүчү өлкөнү жана шаарды гана көрсөтүү зарыл;
  • SMS-билдирүү которуунун макамы жөнүндө;
  • тутумдун сайтында которуунун абалын on-line шарттамда көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү.

 MONEY GRAM

Тариф

Money Gram – бул жөнөкөй, ылдам жана ишеничтүү акча которуулар, алар бүткүл дүйнө боюнча акча каражаттарын жөнөтүүгө жана алууга жол беришет. Money Gram кызмат көрсөтүүлөрү дүйнөнүн 200 өлкөсүндө көрсөтүлөт. Money Gram дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндөгү коммерциялык жана мамлекеттик банктар, улуттук почта кызматтары, тармактык супермаркеттер, чекене соода дүкөндөрү жана тармактары, туристтик бюролор ж.б.у.с. менен кызматташат.

 RIA

RIA – Европага, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө, АКШга пайдалуу тарифтер боюнча ылдам жана ишеничтүү акча которуулар.
Riaнын артыкчылыктары:

  • Акча которуулар жөнөтүүдөн саналуу мүнөттөрдөн кийин төлөөгө жеткиликтүү.
  • Чет элдик которууларды жөнөтүү жана төлөө евродо/АКШ долларында жүзөгө ашырылат.
  • Комиссия которуунун суммасынан 1-3 %ды түзөт. Алуучудан комиссия өндүрүлбөйт.

 Contact

Тариф

CONTACT – бул эсеп ачпастан акча которууларды рубль, АКШ доллары, евро менен ылдам жана арзан жөнөтүүгө жол берүүчү россиялык акча которуулар тутуму.
CONTACTтын кызмат көрсөтүүлөрүн Россиянын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн аймагындагы тутумдун 500 000ден ашуун пункттарынан колдонууга болот.

 Береке

Тариф

«БЕРЕКЕ» акча которуулар тутумунун өзгөчөлүктөрү:

  • Акча которуу банктык эсеп ачпастан жүзөгө ашырылат.
  • Акча которууну алуу 5 мүнөттүн ичинде, ал кайда жана кайдан жөнөтүлгөнүнө карабай.
  • Комиссияны акча которууну жөнөтүүчү гана төлөйт.
  • Которууну «Дос-Кредобанк» ААКнун, Айыл Банктын, Кыргыз Инвестициялык-Насыя банкынын, Кыргыз-Швейцар Банкынын, Кыргызкоммерцбанктын, Капитал Банктын, Кыргыз Насыя Банктын каалаган бөлүмүнөн алууга болот, которуу кайсыл бөлүмдөн жөнөтүлгөнүнө карабай.
  • Которуулар улуттук дагы, чет элдик дагы валюталарда жүзөгө ашырылат.
  • Бир которуунун максималдуу өлчөмү 900 000 KGSду башка валюталардагы: EURO, USD, RUB, KZT эквивалентти түзөт.

ЮНИСТРИМ

ЮНИСТРИМ – бул физикалык жактар үчүн эсеп ачпастан мөөнөттүү акча которуулардын эл аралык тутуму. Бул тутумдун артыкчылыктары: тарифтердин төмөндүгү, которууну алуунун 15 мүнөттөн баштап ылдамдыгы; алуучу эч кандай чыгаша тартпайт; которууну тариздөөнүн ыӊгайлуулугу жана жөнөкөйлүгү; бардык акча которуулар которуунун валютасында накталай кабыл алынат жана берилет.

Жөнөтүүдөгү комиссия:

  • 300 000ге чейинки РФ рубль, 5000 доллар/евро – 0,95%
  • 300 000ден 600 000ге чейинки РФ рубль, 5000ден 10 000ге чейинки доллар/евро – 990 РФ рубли; 30 доллар/евро
  • 600 000 миӊден баштап РФ рубль, 10 000ден баштап доллар/евро – 750 РФ рубли; 25 доллар/евро
  • Которуунун суммасы 900 000 РФ рублинен, 20 000 АКШ долларынан,  15 000 евродон ашпоого тийиш.

Которууну жөнөтүү үчүн зарыл:

  • Кассанын адиси алуучунун ФААын көрсөтүү менен толтурган «Которууга арызга» кол коюу;
  • Кассага которуунун суммасын төгүү жана комиссияны төлөө;
  • Адистен которуунун кодун алуу.
  • Алуучуга которуунун кодун жана суммасын билдирүү.

Которууну алуу үчүн зарыл:

  • Кассанын адисине паспортун көрсөтүү жана которуунун кодун билдирүү.
  • «Которууну алууга арызга» кол коюу жана которууну алуу.

Маанилүү! Жөнөтүүчү транзакция жөнүндө маалыматты (ФАА жана/же которуунун номерин жана/же чектин көчүрмөсүн) алуучудан башка эч кимге билдирбөөгө ТИЙИШ! Алдамчылардан жана шектүү операцияларды жүргүзүүдөн сак болуӊуздар!