“Салым Финанс” компаниясы КУУнун студенттери үчүн Акча үнөмдөөнүн дүйнөлүк күнүн утурлай иш-чара өткөрдү 💼
Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатып, акчаны үнөмдөө маданиятын калыптандыруу максатында Акча үнөмдөөнүн дүйнөлүк күнүнө карата жылдык өнөктүк өтүп жатат. Иш-чара 2015-жылдан бери КР Улуттук банкынын координациясында жана мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын жана Депозиттерди коргоо агенттигинин колдоосунда өтүп келатат 💰
“Салым Финанс” компаниясы КУУнун студенттери үчүн Акча үнөмдөөнүн дүйнөлүк күнүн утурлай жемиштүү жана кызыктуу иш-чара өткөрдү 💼
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер акча үнөмдөө тууралуу лекцияда пайдалуу билим алып, андан соң “Квиз” интерактивдүү оюнунда өз күчүн сынап көрүштү 🧠
Студенттер жигердүү катышып, суроолорду берип, финансыны кантип туура башкаруу керектиги тууралуу билгендерин айтып беришти. Ар бир катышуучу баалуу билимден тышкары, байгелерди да алды!
КУУнун студенттерине иш-чарага катышып бергени үчүн ыраазыбыз. Жаңы иш-чараларда жолугушалы 🙌🏻