Урматтуу кардарлар, биздин сайтыбыздагы “Жеке кабинет” жаӊы кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланыӊыздар - «Салым Финанс» МФК
Сен. 10, 2022

Урматтуу кардарлар, биздин сайтыбыздагы “Жеке кабинет” жаӊы кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланыӊыздар

Урматтуу кардарлар, биздин сайтыбыздагы “Жеке кабинет” жаӊы кызмат көрсөтүүсүнөн пайдаланыӊыздар:
Бул кызмат сиздерге кредит/депозит жөнүндө маалыматка үзгүлтүксүз көз салууга жол берет.

Жеке кабинетте кардарлар үчүн төмөнкү маалымат жеткиликтүү:
∙ Жалпы маалымат (төлөп кутулуу коду, кредиттин суммасы, кредиттин валютасы, пайыздык коюму, кредиттин мөөнөтү, берилген күнү, кредиттин бүтүү күнү);
∙ Төлөп кутулуулардын көчүрмөсү;
∙ Кредит боюнча калдык;
∙ Төлөп кутулуулардын графиги.

Жеке кабинет аркылуу төмөнкүлөргө арыз калтырууга да болот:
∙ Кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүүгө;
∙ Кредит боюнча маалыматты алууга;
∙ Транштын жеткиликтүү суммасын алууга (кредиттик сызыктын алкагында);
∙ Күрөө боюнча документтерди берүүгө.

Депозит боюнча маалыматка да көз салыӊыздар:
∙ Жалпы маалымат (депозиттердин саны, депозиттин түрү, келишимдин №, депозиттин коду, валютасы, мөөнөтү, пайыздык коюму (жыл үчүн), ачуу күнү, бүтүү күнү);
∙ Негизги сумма жана пайыздар боюнча калдыгы;
∙ Негизги сумма жана пайыздар боюнча көчүрмөсү;
∙ Депозиттик эсеп боюнча маалымкат алуу.

Жеке кабинеттин кошумча мүмкүнчүлүктөрү:
∙ Сиздердин куратордун жана бөлүмдүн жетекчисинин ФАА жана байланыш маалыматтарын билиӊиздер.
∙  Сиздердин арыздарыӊыздар боюнча документтерге онлайн кол коюу.

Кардарлар үчүн «Жеке кабинетти» колдонуу жана катталуу боюнча нускама [Нускама]