Кредиттер боюнча чегерилген пайыздардын компенсанциясы тууралуу - «Салым Финанс» МФК
Ноя. 23, 2020

Кредиттер боюнча чегерилген пайыздардын компенсанциясы тууралуу

Урматтуу «Салым Финанс» МФК ААКнун кардарлары!

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы 2020-жылдын 1-октябрына чейин алынган 100 000 сомдон/АКШ долларындагы эквивалентинен ашпаган насыялар боюнча эсептелген пайыздарды кенемтелөө жөнүндө токтомуна ылайык, карыз алуучулар 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында эсептелген пайыздарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө арыз менен кайрыла алышат.

Бир нече уюмдарда 100 000 сомго чейинки жарыш насыялары болгон учурда, кардар бир гана уюмга тандоо боюнча бир гана насыяга кенемтеге арыз жаза алат.

Карыз алуучулар 2020-жылдын 5-декабрына чейинки мөөнөттө өз убагында эсептелген пайыздарды төлөөдөн бошотуу үчүн карыз алуучулардын реестрине киргизүүгө жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылуулары зарыл.

Эсептелген пайыздардын кенемтелерине тиешелүү бардык суроолор боюнча өзүнүн кураторуна кайрылуусу зарыл.