ААК МФК "Салым Финанс" номиналдык пайыздык облигациялардын жетинчи чыгарылышын жайгаштыруу аяктагандыгы жөнүндө жарыялайт - «Салым Финанс» МФК
Май 31, 2024

ААК МФК "Салым Финанс" номиналдык пайыздык облигациялардын жетинчи чыгарылышын жайгаштыруу аяктагандыгы жөнүндө жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан 2024-жылдын 24-майындагы №14/2053 кат менен катталган коомдун облигацияларынын жетинчи чыгарылышынын жана жайгаштыруунун жыйынтыгы чыгарылды. 
• Облигацияларды жайгаштыруунун башталышы – 2024-жылдын 7-февралы;
• Облигацияларды жайгаштыруунун аяктоочу датасы 2024-жылдын 8-майы;
• Жыйынтыктарды каттоо датасы – 2024-жылдын 24-майы;
• Чыгарылган баалуу кагаздардын саны – 100 000 нуска;
• Жайгаштырылган баалуу кагаздардын саны – 100 000 нуска;
• Таанылган эмиссиянын жалпы суммасы 100 000 000 сомду түздү.