Пайыздык үстөк
Шарттары
Салым | Салым Плюс | |
---|---|---|
Депозиттин жана толуктоонун минималдуу суммасы | 1000 сомдон // 20 АКШ долларынан баштап | |
Депозиттин максималдуу суммасы | 25 000 000 сом же АКШ доллар эквиваленти менен. Эгерде максималдуу сумма ашып кетсе, Активдерди жана пассивдерди башкаруу комитети менен макулдашуу боюнча депозитти кабыл алууга болот. | |
Мөөнөтү | 3 айдан 36 айга чейин | |
Пайыздарын төлөө | Ар ай сайын же кардардын тандоосу боюнча башка мезгилдүүлүк менен | |
Жарым-жартылай алуу | Бар | Жок |
Капиталдаштыруу | Жок | Кардардын арызы боюнча — квартал сайын |
Толуктоо | Жок | Ооба, бирок депозиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 (эки) ай калганда суммасына кошумча төгүмдөрдү кабыл алуу токтотулат |
Мөөнөтүнөн мурда жабуу | Депозит 3 айдын ичинде мөөнөтүнөн мурда жабылса пайыздар төлөнбөйт, үч айдан ашса топтолгон жана капиталдаштырылган пайыздардын суммасынын 50% төлөнөт. |
Депозитти эсептөө
Депозиттин суммасы
Ай сайынкы киреше
Депозиттин мөөнөтү
Жалпы киреше
Негизги пайдасы
пайдалуу пайыздык чендер
капиталдаштыруу мүмкүнчүлүгү
депозиттер "Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык корголот
мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү
депозитти толтуруу мүмкүнчүлүгү
депозитти автоматтык түрдө узартуу
«Салым Финанс» МФК ААКнун кардарларынын аманаттары «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголгон
«Салым Финанс» МФК ААК – Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу болуп саналат.
Аманат (депозит) “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголгон, ага ылайык кепилдиктик учур кирип келгенде, пайыздарын кошо жыйындысында 1 (бир) миллион сомдон ашпаган кенемте төлөө каралган.
Депозит (салым) – бул Компания аманатчыдан келишимдик шарттарда алган улуттук жана чет элдик валютадагы акча каражаттарынын суммасы.
«Салым» депозиттик өнүмүндө жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок толуктоо мүмкүнчүлүгү жок, ал эми «Салым Плюс» депозиттик өнүмүндө толуктоо мүмкүнчүлүгү бар, ал эми жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү жок.
Ооба, биздин Компаниябызда аманаттын пайыздарын жана негизги суммасын аманатчынын эсептешүү эсебине которуу каралган. Бул үчүн реквизиттерин көрсөтүү менен каражаттарды эсептешүү эсебине которууга өтүнмө калтыруу зарыл.
Кепилдиктүү учур кирип келгенде мамлекет тарабынан депозиттер боюнча пайыздарды кошкондо 1 000 000 сом төлөө кепилденет. Кепилдиктүү учур кирип келген учурда кепилдиктүү сумманы төлөө биздин Компаниядагы депозиттик эсептердин санына карабай, бир жолку иретте 1 000 000 сом суммасында жүргүзүлөт.
"Megapay" терминалы аркылуу саат 16:00дөн кийин каражаттарды толуктаганда, Компаниянын «Операциялык күнүнө» каражаттарды түшүрүү кийинки күнү жүргүзүлөт. Калган бардык мобилдик тиркемелер жана төлөм терминалдары үчүн саат 17:00дөн кийин каражаттарды толуктаганда, Компаниянын «Операциялык күнүнө» каражаттарды түшүрүү кийинки күнү жүргүзүлөт.
«Салым Плюс» аманатын ар квартал сайынкы капиталдаштыруу менен ачууга болот, алардын мөөнөттөрүн кварталдарга бөлүүгө болот, буга ылайык 4-5-7-8-10 айлык мөөнөттөгү аманаттар капиталдаштыруусу менен ачылбайт.
«Салым Плюс» депозиттик өнүмүндө жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, иштеп жаткан депозиттик келишимди жабууга, зарыл сумманы алууга жана калдыгына жаӊы депозиттик келишим түзүүгө болот.
Депозит 3 айдын ичинде мөөнөтүнөн мурда жабылса пайыздар төлөнбөйт, үч айдан ашса топтолгон жана капиталдаштырылган пайыздардын суммасынын 50% төлөнөт.